Карылар күнү
Эл аралык карылар күнү – бул биздин кары адамдарыбызга ыраазычылык билдирүү үчүн бизге берилген эң сонун мүмкүнчүлүк. Бул майрамды биз эл арасында ар бир жашы өткөн мекендештерибизге көңул буруу, сый – урмат көрсөтүү максатында өткөрүп келебиз. Бул күн – карыларга алардын жаш курагын эскертүү максатында эмес, тескерисинче аларга т.а ата – энелерибизге, пенсионерлерге, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана Кыргыз мамлекетибиздин бардык кары адамдарына терең ыраазычылык билдирчү күн. Мекенибиздин кары адамдарына биздин жаркын келечек үчүн кылган эмгегиңиздерге чоң рахматыбызды айтабыз.
Комментарии