Нооруз 2024
Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жыңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет.
Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.
Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. Арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо азыркы кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе. Ал эми Нооруз күндөрү бул ритуал массалык мүнөзгө ээ болот.
М.Суранчиева окуу-тарбия комплексинде 20-март күнү Нооруз майрамы 5-9- класстын окуучулары ортосунда уюштурулуп өткөрүлдү. Кыргыздын улуттук тамак-аштарынан чоң көжө,боорсок,жети нан жана башка көптөгөн тамак-аштар жана суусундуктар жазалып окуучуларга тааныштырылды.
Комментарии